Бугу 19, 2024
Убакыт: 14:21
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Баткен: Кара-Токой айылында жаңы ФАПтын курулушу башталды

16.05.2021 19:23
2163
Баткен: Кара-Токой айылында жаңы ФАПтын курулушу башталды


Баткен районунун Суу-Башы айыл өкмөтүнүнүн Кара-Токой айылында жаңы ФАПтын имаратына капсула салынды. Иш-чарага КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев, Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев жана жергиликтүү тургундар катышты. Бул тууралуу КРнын өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

ФАПтын жаңы имаратынын курулушу менен, анын базасында стоматология, аялдардын гинекология каанасы, жугуштуу оорулар бөлүмү, жүрөк дартын кароо бөлүмү жана жалпы имаратты жылытуучу система орнотулуп, заманбап медициналык жабдыктар менен камсыздоо каралган.

Жалпы сметалык баасы 2,8млн сом болгон курулушту “Ассанабил” кайрымдуулук фонду каржылоого алууда.

Белгилей кетсек Кара-Токой айылындагы 1000ден ашуун калкты тейлеген ФАПтын имараты 1962-жылы СССР мезгилинде курулуп, эскилиги жетип, жаңы имарат куруу зарылчылыгы жаралган болчу.

Кара-Токой айылы Өзбекстандын Сох районунун айылдары менен чектешет.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн