Бугу 19, 2024
Убакыт: 12:18
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Баткен: Көчүрүлгөн тургундар айылдарына кайтып келишүүдө

09.05.2021 16:39
1805
Баткен: Көчүрүлгөн тургундар айылдарына кайтып келишүүдө


Баткенде коопсуз жайларга эвакуацияланган жарандар айылдарына жөнөтүлдү. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди. 


Өкүлчүлүктүн маалыматына караганда, облустагы кырдаалга байланыштуу түзүлгөн облустук штабдын чечимине ылайык бүгүн, 9-майда кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалдан улам коопсуз жайларга жеткирилген тургундар үчүн атайын транспорттор уюштурулуп, айылдарына жөнөтүлдү.


Баткен шаарындагы 9 пунктта жайгашкан Баткен районунун тургундары менен өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев жолугуп, чек ара аймактарында күч түзүмдөрү күчөтүлгөн тартипте иштеп, жарандардын коопсуздугун камсыздоо боюнча бардык чаралар көрүлүп жатканын, турак жайсыз калган үй-бүлөлөргө убактылуу жайлар курулуп, даярдалганын билдирди.



Учурда аймакта калыбына келтирүү жумуштары жүрүп жатат. Биринчи кезекте жарандарды турак жай менен камсыздоо аракеттери жүрүүдө.


Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалдан облуста 40 649 адам (акыркы маалымат боюнча) көчүрүлгөн, анын 16 147си аялдар, 23 931и балдар.


Ал эми Баткен району боюнча 14 361 жаран, Лейлек району боюнча 26 288 адам эвакуацияланган болчу.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн