Бугу 19, 2024
Убакыт: 12:11
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Баткен үчүн элден чогулган акча кайда сарптоону Министрлер кабинети чечет

06.07.2021 14:27
2561
Баткен үчүн элден чогулган акча кайда сарптоону Министрлер кабинети чечет


Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Айбек Жунушалев маалымат жыйынында Баткен облусунун жабыркаган жашоочулары үчүн жарандардан чогулган каражат эмнеге жумшалары тууралуу айтып берди.

Жунушалиевдин айтымында, министрлер кабинетинин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн эсебине 116 млн сомдон ашык, ал эми ӨКМдин атайын эсебине 2,5 млн сомдон ашык каражат чогулган.

«Буга чейин бул каражаттар чыгымдалган эмес. Ушул жумада каражатты колдонуунун тартиби бекитилди. Бул каражаттын негизги максаты жаңжалдын жүрүшүндө жабыркагандарга түздөн-түз жардам көрсөтүү болуп саналат. Бул жабыркаган объектилерди калыбына келтирүү жана жабыркаган жарандарга жардам берүү», - деди ал.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн