Бугу 19, 2024
Убакыт: 10:15
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Баткен облусун өнүктүрүү боюнча жумушчу топ түзүлдү

30.06.2021 12:09
2744
Баткен облусун өнүктүрүү боюнча жумушчу топ түзүлдү

Президенттин администрациясынын башчысынын орун басары Жеңишбек Асангулов баштаган топ Баткенди өнүктүрүү долбоорун даярдоонун алкагында 29-июнда Баткенде болушту. Анда соңку куралдуу кагылышта жабыркаган айыл-аймактарды кыдырып, жергиликтүү тургундар менен жолукту.


Асангулов Баткенди өнүктүрүү долбооруна сунуштарды чогултуу үчүн бир катар көчмө жыйындар өткөрүлүп жатканын билдирди.


“Баткендин бардык айылдарын камтуу үчүн мекемелер аралык топтун мүчөлөрү төрт жумушчу топко бөлүндү. Учурда бир катар жолугушуулар өтүүдө жана жергиликтүү тургундар берген сунуштар жалпылаштырылууда. Бул абдан маанилүү, анткени жергиликтүү тургундар аймактын көйгөйүн эң мыкты билишет. Бардык пикир эске алынат”.


Ушул айдын ортосунда Жогорку Кеңеш Баткенге өзгөчө макам берүү мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алган.


Май айында президент Садыр Жапаров “Баткен облусунун чек арадагы айылдарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча биринчи кезектеги чаралар жөнүндөгү” жарлыкка кол койгон.


Ага ылайык, бул максатта премьер-министр төрагалык кылган мамлекеттик комиссия түзүлгөн, аталган облуста президенттин атайын өкүлү дайындалган жана Баткенди өнүктүрүү программасын даярдоо башталган.


Баткенде Кыргыз-тажик чек арасындагы соңку куралуу кагылышта 36 кыргызстандык курман болгон. Тажикстан 19 жараны каза болгонун билдирген. Эки өлкө бири-бирин айыптап, кылмыш иштери козголгон.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн