Баткен облусунда 25 социалдык жана жаа өндүрүш объектилери ачылды. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Объектилер Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100, Баткен облусунун жана Баткен шаарынын түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгына карата пайдаланууга берилди. Алар:
- Баткен Электр тармактар ишканасынын административдик имараты;
 - Баткен шаарындагы 7 кызматтык турак үйлөр;
 - Баткен шаарынын борбордук стадионундагы спорт зал;
 - Баткен шаарынын “Жеңиш” эс алуу багындагы рестпоинт;
 - Баткен районунун Боз-Адыр айылындагы спорт зал;
 - Баткен районунун Мадыген аймагындагы бийиктиктен кароо аянтчасы;
 - Баткен районунун Ак-Сай айыл өкмөтүнүн административдик имараты;
 - Баткен районунун Ак-Татыр айылындагы спорт зал;
 - Кадамжай районундагы агрохимия лабораториясы;
 - Кадамжай шаарындагы логистикалык борбор;
 - Кадамжай районунун Исхак-Полотхан айыл аймагындагы “Жаш Талимтай” балдар;
 - Кадамжай шаарындагы 8 кызматтык турак үйлөр;
 - Кадамжай шаарынын аймагындагы “Улыбка” балдар бакчасы;
 - Кадамжай районунун Ормош айылындагы логистикалык борбор;
 - Лейлек районунун Бешкент айылындагы “Лайли” орто мектеби;
 - Лейлек районунун Кулунду айыл аймагындагы “NOVA” мектеби;
 - Раззаков шаарындагы 5 кызматтык турак үйлөр;
 - Лейлек районунун “Саркент” жаратылыш паркындагы 3а-фрейм үйлөрү;
 - Лейлек районунун Максат айылынын административдик имараты;
 - Лейлек районунун Кара-Суу айылындагы маданий борбор жана тигүү цехи;
 - Сүлүктү шаардык электр тармактар ишканасынын административдик имараты;
 - Сүлүктү шаарындагы аялдардын сырткы кийимин тигүүчү цех;
 - Сүлүктү шаарындагы килем токуучу цех;
 - Сүлүктү шаарында брекет чыгаруучу ишкана;
 - Кызыл-Кыя шаарындагы 6 кызматтык турак үйлөр.
 
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн