Кулжа 20, 2025
Убакыт: 16:36
USD
87.30
87.80
EUR
100.20
101.20
RUB
1.100
1.130

Баткенде 8 гектардан ашык жер мамлекетке кайтарылды

20.06.2025 11:49
20
Баткенде 8 гектардан ашык жер мамлекетке кайтарылды


Баткенде 8,05 гектар эер мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.


Мыйзамсыз менчиктештирилген Мамлекеттик мүлктү кайтарып алуу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруунун жүрүшүндө "Кызыл-Бел-автожол" көзөмөл-өткөрүү пунктуна жакын жайгашкан, жалпы аянты 8,05 гектар мурда жеке менчикке мыйзамсыз чыгарылган жер тилкеси мамлекетке кайтарылды.


Тактап айтканда, 1988-жылы "Агроөнөржайэнерго" ишканасына айыл чарба муктаждыктары үчүн 10 гектар жер бөлүнгөн. Андан кийин 1996-жылы ишкана "Баткенайылэнерго" ЖЧКсы болуп кайра түзүлүп, мүлктүк комплекстин жана жер участогунун бааланган наркы 267 миң 556 сом болуп бекитилген.


Андан кийин 2009-жылдан 2022-жылга чейин аталган жер тилкеси "Баткенайылэнерго" ЖЧК директору тарабынан мыйзамсыз менчиктештирилип, коммерциялык багытка трансформацияланган.


Тергөө алдындагы текшерүү процессинде менчик ээлери ыктыярдуу негизде 8,05 га өлчөмүндөгү жер тилкесин мамлекетке өткөрүп беришкен.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн