Бугу 05, 2025
Убакыт: 08:39
USD
87.30
87.80
EUR
98.40
99.40
RUB
1.050
1.090

Баткенде «Баткенди өнүктүрүү – өлкөнү өнүктүрүү» форуму өтөт

04.10.2021 18:32
2384
Баткенде «Баткенди өнүктүрүү – өлкөнү өнүктүрүү» форуму өтөт


Үстүбүздөгү жылдын 14-октябрында Баткен облусунун Баткен шаарында «Баткенди өнүктүрүү – өлкөнү өнүктүрүү» форуму өтөт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, форумдун ишине Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов, ошондой эле мамлекеттик органдардын жетекчилери, эл аралык уюмдардын, дипломатиялык корпустардын, финансылык институттардын, бизнес-омбудсмен өкүлдөрү, атамекендик ишкерлер жана бизнес-түзүмдөр катышат.

Аталган форум Баткен облусун социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулоо аянтчасы катары гана саналбастан, маанилүү макулдашууларга жетишүүгө да мүмкүндүк берет.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн