Бугу 21, 2024
Убакыт: 03:21
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Баткенде Молдо Нияз атындагы айыл аймагы пайда болот

18.09.2023 09:59
285
Баткенде Молдо Нияз атындагы айыл аймагы пайда болот


Жогорку Кеңешке Баткен, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарынын айрым айыл аймактарынын жана айылдарынын аталыштарын өзгөртүү жөнүндө мыйзам долбоору киргизилди. Мыйзам долбоорун Министрлер кабинети демилгелеген. 


Тактап айтканда:

– Баткен облусунун Кадамжай районунун Көтөрмө айыл аймагын Молдо Нияз айыл аймагы деп кайра атоо,

– Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Назаралиев айыл аймагын Үч-Коргон айыл аймагы деп кайра атоо,

– Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Сайдыкум айыл аймагынын Дөш айылын Тынчтык айылы деп кайра атоо,

– Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Сайдыкум айыл аймагынын Дүкүр айылын Достук айылы деп кайра атоо,

– Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Сайдыкум айыл аймагынын Чек айылын Ынтымак айылы деп кайра атоо,

– Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Ырдык айыл аймагынын Комсомольское айылын Кытай айылы деп кайра атоо,

– Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Семеновка айыл аймагын Кожояр айыл аймагы деп кайра атоо,

– Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Семеновка айыл аймагынын Семеновка айылын Кожояр-Ата айылы деп кайра атоо сунушталып жатат.


Негиздеме-маалым кат


Мыйзам долбоору улуттук идеологияны чыңдоого, өткөн жана азыркы мезгилде кеңири белгилүү аталыштарын кайтарып берүүгө багытталган.

Жогоруда аталган айыл аймактардын жана айылдардын аталыштарын кайра атоо боюнча чечимдер жергиликтүү жашоочулардын жыйынында кабыл алынып, тиешелүү жергиликтүү кеңештердин, райондордун жергиликтүү мамлекеттик администрацияларынын чечимдери жана президенттин Баткен, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн тескемелери менен жактырылган.

Мыйзам долбооруна тиешелүү документтер “Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралуу” жана “Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө” мыйзамдарынын, ошондой эле өкмөттүн 2008-жылдын 19-августундагы №467 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасындагы географиялык объекттерди атоо, алардын аталышын өзгөртүү, географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттоодон өткөрүү тартиби жөнүндө жобосуна (мындан ары – жобо) ылайык даярдалган.


Мыйзам долбоору менен Баткен облусунун Кадамжай районунуна караштуу Көтөрмө айыл аймагын Молдо Нияз айыл аймагы деп кайра атоо сунушталат.


Молдо Нияз XIX кылымдын белгилүү акыны, жазуучусу жана агартуучусу, Кокон хандыгынын саясий турмушуна активдүү катышып, Курманжан датка жана Байтик баатырдын замандашы болгон.

Молдо Нияз насыят түрүндө жазылган чыгармалары менен белгилүү. Кыргыз тилинде эң алгач кагазга түшүрүлгөн поэтикалык текст – “Санаттар” аттуу кол китептердин автору

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн