Бугу 03, 2025
Убакыт: 00:27
USD
87.30
87.80
EUR
98.50
99.50
RUB
1.050
1.090

Баткенде Ташиев менен Ятимовдун жолугушуусу болуп өттү

12.12.2023 14:47
399
Баткенде Ташиев менен Ятимовдун жолугушуусу болуп өттү


12-декабрда Баткен шаарында Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын тең төрагалары Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов жолугушуп, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелерин талкуулады. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлады.

Жолугушууда 2023-жылы чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча эки өлкөнүн өкмөттүк делегацияларынын топографиялык-укуктук жумушчу топторунун аткарган иштеринин жыйынтыгы талкууланды.

“Калган аймактарда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын долбоордук линиясын баяндап жазууну аяктоо боюнча ишти активдештирүүгө конкреттүү тапшырмаларды беришти”, - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, буга чейин президент Садыр Жапаров Тажикстан менен чек ара 2024-жылдын жаз айына чейин такталып каларын айткан.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн