Баткен облусунда баңгизатын даярдоо жана сатуу менен алектенген кылмыштуу топ кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери узак мөөнөттүү ыкчам иштеп чыгуунун натыйжасында Баткен облусунун аймагында баңгизаттарды даярдоо жана сатуу менен алектенген кылмыштуу топко карата масштабдуу атайын операция жүргүзүштү.

Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө БМЖКККнын кызматкерлери тарабынан Кызыл-Кыя ШИИБдин кызматкерлери менен биргеликте кылмыштуу топтун 3 мүчөсү кармалган. Тинтүү учурунда кармалгандардан 1 килограмм 615 грамм "гашиш" баңгизаты алынган.

Аталган факт боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси менен кылмыш иши козголуп, кармалгандар убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Мындан тышкары, тергөөнүн жүрүшүндө шектүүлөр: 1967-жылы туулган А.А., мурда бир нече жолу соттолгон, ИИМде баңги тобунун мүчөсү катары каттоодо турат, 1971-жылы туулган Э.М., буга чейин ушундай кылмыш үчүн бир нече жолу соттолгон жана 1977-жылы туулган Н.М. үйүндө марихуананын гибриддик сортторун өстүрүү боюнча нарколаборатория табылган, ошондой эле үйдө притон уюштургандыгы аныкталган.

Учурда керектүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүп жатат. Азыркы учурда облустун аймагына баңги каражаттардын түшүү каналдарын аныктоо боюнча чаралар көрүлүүдө.