Бугу 02, 2024
Убакыт: 13:22
USD
88.80
89.70
EUR
94.70
95.70
RUB
0.940
0.965

Баткенде муниципалдык ишкананын директору кармалды

03.04.2024 11:23
687
Баткенде муниципалдык ишкананын директору кармалды


Баткен облусунда мамлекеттик каражаттарды ыйгарып алгандыгы үчүн муниципалдык ишкананын директору кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти. 

ИИМдин түштүк аймакты көзөмөлдөгөн кызматкерлери Кадамжай районундагы муниципалдык ишканалардын биринин директорун кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланган деген шек менен кармашты.

Тергөөнүн маалыматы боюнча, 1982-жылы туулган А.А. аттуу жаран аталган райондун муниципалдык ишканасынын директору болуп иштеп, банктагы жеке кызыкчылыгынан пайда табуу максатында ишкананын эсебинде субсидия катары түшкөн бир миллион сомду алып, акчанын бир бөлүгүнө "Мерседес-Бенц Спринтер" автомашинасын сатып алып, өз атына каттатып, калган акча каражатын өзүнө ыйгарып алган.

Бул факты боюнча Кадамжай РИИБдин тергөө кызматы тарабынан кылмыш иши козголду.

Тергөө учурунда 1982-жылы туулган А.А. аттуу жаран шектүү катары кармалып, КР Кылмыш-жаза кодексинин "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси менен камакка алынды.

Кылмыш иши боюнча тергөө иштери уланууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн