Бугу 19, 2024
Убакыт: 11:07
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Баткенде оорукананын кошумча имараты ачылды (фото)

02.07.2021 09:08
3398
Баткенде оорукананын кошумча имараты ачылды (фото)


   

   Бүгүн, Баткен районунун чек арада жайгашкан Самаркандек айыл өкмөтүнүн “Самаркандек жалпы дарыгерлер борборунун” кошумча имаратынын ачылыш аземи болду.Анда Кр Министрлер кабинетинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Маруфхан Тулаев баштаган жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана “Ассанабил” кайрымдуулук фондунун өкүлдөрү,жакындан көмөк көрсөтүп келген коомдук ишмерлер катышты. Бул тууралуу КР Министрлер кабинетинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

   

   Алгач,ачылыш азиминде облус башчысынын биринчи орун басары М.Тулаев имараттын курулушуна демөөрчүлүк кылган “Ассанабил”кайрымдуулук фондуна жана көмөктөшкөн жарандарга облус башчысынын ыраазычылык катын тапшырып,Самаркандек жалпы дарыгерлер борборунун кызматкерлерин 2-июл медицина кызматкерлеринин күнү менен куттуктады.

   

   Буга чейин аталган борбордун имаратында бөлмөлөр жетишсиз болуп,көйгөй жаратып келген.Учурда кошумча имарат курулуп,бардык керектелүүчү шарттар түзүлүп,анда операция,жараат таңуучу,ийне саюу бөлмөсү жана эки бейтаптар үчүн бөлмөсү бар.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн