Бугу 21, 2024
Убакыт: 04:06
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Баткенде президенттин катышуусунда ойчул Молдо Нияздын эстелиги ачылды

12.12.2023 15:07
372
Баткенде президенттин катышуусунда ойчул Молдо Нияздын эстелиги ачылды


Алгачкы агартуучу, кыргыз жазма адабиятынын көч баштоочусу акын жана ойчул Молдо Нияз Эрназар уулунун 200 жылдык мааракеси өзүнүн кичи мекени Кадамжай районунда белгиленип жатат. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Мааракелик иш-чаранын алкагында Молдо Нияздын эстелиги ачылып, ага облуста жумушчу сапары менен жүргөн президент Садыр Жапаров катышты.

Ошондой эле мааракелик аземге президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев, легендарлуу парламенттин спикери Медеткан Шеримкулов, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Абдыганы Эркебаев, журналист, президенттин кеңешчиси Нышанбек Кочкоров жана белгилүү тарыхчы Кыяс Молдокасымовдор баштаган инсандар катышууда.

Мааракенин катышуучулары Молдо Нияз Эрназар уулунун эстелигине гүл чамбарларды коюп, куран окушту.

Андан соң район борборуна бийиктиги 22 метр болгон мамлекеттик туу көтөрүлдү.

Бул күнү Молдо Нияз Эрназар уулунун реконструкциядан өткөн мектеп үңкүрүнүн да ачылуу аземи болду. Бул жайга Кадамжай райондук өнүктүрүү фондунан 3 миллион сом, Көтөрмө айыл өкмөтүнөн 900 миң сом акча каражаты бөлүнгөн. Кошумча Молдо Нияздын баласынын үйү чатырланып, ал жайды тарыхый калыбына келтирүү үчүн жарыктандыруу, көрктөндүрүү, тарыхый буюмдарды топтоо боюнча иштер жасалган.

Белгилей кетсек, кыргыз жазма адабиятынын негиздөөчүсү, жазгыч акын Молдо Нияз Эрназар уулунун 200 жылдыгын белгилөө боюнча КР министрлер кабинетинин чечимине ылайык, жыл ичинде бир катар иш-чаралар өттү.

Алсак, илимий-практикалык конференциялар, жолугушуулар уюштурулуп, Молдо Нияздын өмүр- чыгармачылыгын изилдөөгө арналган 6 китеп жарык көрдү. Анын бирөөсү түрк тилинде жарык көрдү. Даректүү тасма тартылды.

Мындан сырткары, "Жаштык" кинотеатрына Молдо Нияз атабыздын ысымы ыйгарылып, ремонт иштери жүрүүдө. Көтөрмө айыл аймагында 10гектар аянтты түзгөн ат майдан жергиликтүү бюджеттен жана демөөрчүлөр тарабынан оңдоп-түзөөдөн өттү.

Молдо Нияз мектебине баруучу 600 метр жол асфальтталып, Молдо Нияздын 1993-жылы тургузулган эстелиги жана мектептеги музейи толук оңдолду.

31-августунда Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 32 жылдыгынын урматына, Ош шаарында Молдо Ниязга арналган төкмө акындардын Эл аралык айтышы өткөрүлдү.

Болуп жаткан иш-чаралар агартуучу, акын жана ойчул Молдо Нияздын эмгектерин элибизге дагы да сиңирүү максатын көздөйт.

Мааракенин салтанаттуу бөлүгү райондук маданият үйүндө өтөт.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн