Бугу 18, 2024
Убакыт: 22:59
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Баткенде тажик тараптан кыргыз жаранына дагы ок атылып, ооруканага жаткырылды

07.08.2020 09:26
1475
Баткенде тажик тараптан кыргыз жаранына дагы ок атылып, ооруканага жаткырылды


Кечээ, 6-августта кечки саат 18:30 чамасында Тажикстандын Согди облусунун Исфара районундагы Чоркух айылы менен чектешкен Баткен районунун Ак-Сай айыл аймагынын Көк-Таш айылында тажик тараптан кыргыз жаранын көздөй ок атылды.


ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, Көк-Таш айылынын жашоочусу 65 жаштагы Р.М. өзүнүн үлүш участкасында иштеп жүргөн жеринде Тажикстандын аймагы тараптан атылган ок анын оң желкесине жана оң жак жамбашынын үстүнө тийип, Баткен облустук биргелешкен ооруканасына жаткырылган.


Бул фактылар Баткен РИИБнин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 30/130-беренеси (Киши өлтүрүүгө аракет жасоо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.


Азыркы учурда милиция кызматкерлери калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат.


Учурда кыргыз-тажик участкасындагы мамлекеттик чек арада абал туруктуу.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн