Бугу 18, 2024
Убакыт: 17:24
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Баткенде жаандын кесепетинен унаажол кум шагылга толуп, 6 көпүрө жараксыз абалга келди

25.07.2020 10:41
993
Баткенде жаандын кесепетинен унаажол кум шагылга толуп, 6 көпүрө жараксыз абалга келди

 

Баткен облусунда кечээ, 24-июлда жааган жаандын кесепетинен унаажол кум шагылга толуп, 6 көпүрө жараксыз абалга келди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, Баткен районунун Дара айыл аймагында 24-июль күнү саат 15:30дар чамасында жааган жаандын кесепетинен кокту-колоттордон келген суулар Сох-Кан-Зардалы унаа жолунун 14-15 жана 31-34-чакырымын аралыгын кум шагылга толтурган. Унаа жол убактылуу жабылган.


Учурда тартылган күчтөрдүн жардамында тазалоо иштери жүргүзүлүдөө.


Ошондой эле Кадамжай районунун Орозбеков айыл аймагында 21-июль күнү саат 15:30дар чамасында кыска мөөнөттүү жамгырдын кесепетинен коктулардан келген суулар Бостон, Жоогесек жана Орозбеков айылдарын бириктирүүчү 6 көпүрөнү жараксыз абалга келтирип, жолдун 200 м аралыгын кум шагылга толтурган.


24-июль күнү тартылган күчтөрдүн аракетинде көпүрө калыбына келтирилип, унаа жол толук тазаланып бүткөн.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн