Бугу 19, 2024
Убакыт: 14:01
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Баткенди калыбына келтирүү үчүн 700 млн сом бөлүнөт

16.06.2021 12:35
1338
Баткенди калыбына келтирүү үчүн 700 млн сом бөлүнөт

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалдан кийин Баткен облусун калыбына келтирүүгө бюджеттен 700 млн сом бөлүнөт. Бул тууралуу парламенттин жыйынында экономика жана финансы министринин орун басары Айдин Шаршеев билдирди.


Анын айтымында, азыр анын 200 млн сому бөлүнүп берилди. “Бул каражат негизинен жаңжалда жабыркаган инфраструктураны (суу, свет, жол) калыбына келтирүүгө жумшалат. Кыйраган үйлөрдү куруу жеке сектордун эсебинен каржыланат. Ошондой эле, министрлер кабинети башка берене менен жабыркагандар – каза болгон үй-бүлөлөргө – 1 млн сомдон, жабыркагандарга – 50-100 миң сомдон кенемте төлөйт”,-деди ал.


Эскерте кетсек, 28-апрелде Баткен районунун Көк-Таш айылындагы “Головной” суу бөлүштүрүүчү жайына Тажикстандын жарандары видеокөзөмөл орното баштаган. Ага кыргызстандыктар каршы чыгышкан, көп өтпөй эки элдин жарандары бири-бирине таш ыргытуудан абал курчуп кеткен.


Кыргыз-тажик чек арасындагы чырдан жалпы 190 кыргызстандык жабыркап, 36 адам набыт болгон.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн