Бугу 19, 2024
Убакыт: 14:02
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Баткенге өзгөчө статус берүү биринчи окууда колдоо тапты

16.06.2021 17:29
2186
Баткенге өзгөчө статус берүү биринчи окууда колдоо тапты


Министрлер кабинети иштеп чыккан мыйзам долбооруна ылайык, Баткенде чек арага жакын аймактарда иштеген ишканалар жер, мүлк, пайдага жана сатуудан түшкөн салыктан бошотулат. Ошондой эле, беш жылдан 10 жылга чейин киреше салыгына жеңилдик берүү каралган. Мындан тышкары инвестициялык жана мамлекеттик сатып алуу боюнча өзгөчө режим киргизилет. Долбоорду депутаттар бир добуштан колдоду.


Расмий маалыматка ылайык, Баткендеги 31 айыл өкмөттүн 30у дотацияда. Эгерде Баткенге өзгөчө макам берүү жөнүндө мыйзам долбоору кабыл алынса, мындай айыл өкмөттөрдөгү билим берүү, маданий объектилер республикалык бюджеттен түз каржыланат. Аткаруу бийлиги муну менен бир жылдын ичинде 6-8 айыл өкмөтү дотациядан чыгат деп божомолдоп жатат.


Булак: Азаттык үналгысы 

Теги

Пикирлер (3)

Коопсуздук коду
Касым
Кызыл Бел айылына да өзгөчө статус берилиши керек себеби чек арада жайгашкан өзгөсө статустагы айылдардан айырмасы жок жана негизги бажы көзөмөлү ошол айылда жайгашкан
Абдикарим
Кара бак айылы буга чейин өзгөчө статуска ээ эле. Билим берүү мекемесине өтө муктаж. Бийликтин бардык бутактары бул муктаждыкты билишет. Мамлекеттик каржылоо менен бир орто мектеп керек бирок статусу болгон менен бир мектепте параллель класстар 6- 9 чейин б.а. биринчи класстар тогуз класс.
Арапбай
Чоң алайгада статус бериш керек баткен менен чоң алай окшош