Чын курандын 28, 2024
Убакыт: 13:41
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Байге фонду 1 млн. Маданият министрлиги комузчулар арасында республикалык сынак жарыялады

11.09.2023 09:31
2097
Байге фонду 1 млн. Маданият министрлиги комузчулар арасында республикалык сынак жарыялады


Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги комузчулар арасында республикалык сынак жарыялады. Иш-чара залкар комузчу Карамолдо Орозовдун 140 жылдыгына арналат.


Сынактын максаты — Карамолдо Орозовдун күүчүлүк чыгармачылыгын, аткаруучулук чеберчилигиндеги кайрыктарын, күүлөрүндөгү философиялык маанисин, өзгөчө ыргактарын жана ыкмаларын келечек муунга жайылтуу, улуттук нарк, улуттук өнөр, салттуу музыканы сактоо жана жаштар арасында комуз өнөрчүлүгүн тереңдетүү, комузчулардын чыгармачылыгын жогорулатуу.


Сынактын талаптары:

- чыгарманын тактыгы, Карамолдо Орозовдун аткаруусундагы түп нускасын бузбоо;

аткаруучулук чеберчилиги, сахнада өзүн алып жүрүү маданияты жана профессионалдуулугу;

- күү баянын айтуудагы көркөмдүүлүгү, күүнүн мазмунун, маанисин ачып берүү;

- кыргыздын улуттук же этнокийими менен аткаруусу.


"Сынак эки этаптан турат. Биринчиси — тандоо туру. Ал 29-сентябрда саат 10:00дө өлкөнүн жети облусунда өтөт. Экинчи туру 3-октябрь күнү саат 10:00дө Бишкек шаарындагы Кыргыз улуттук консерваториянын чоң залында болот. Кароо-сынактын жыйынтыгы жана концерт 5-октябрь күнү Ысык-Көл районунун Корумду айылында уюштурулат", — дешти министрликтен.


Маалыматта белгиленгендей, байге фонду бир миллион сом. Катышуучулардын жаш курагы чектелбейт.


Байланыш номерлери: 07000752740558 20 06 1705532043050709385432.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн