Чүй облусунун Жайыл районунда эки өспүрүм жол кырсыгынан каза болду. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 13-октябрда болжол менен саат 18:30 чамасында Кара-Балта шаарынын Чапаев көчөсүндө 1956-жылы туулган жаран Г.М. башкарган жүк ташуучу унаа түндүктөн түштүк багытта бара жатып, жөө өткөөлдө бара жаткан эки өспүрүмдү — 2018-жылы төрөлгөн А.А. жана 2017-жылы төрөлгөн А.И.ни сүзүп кеткен.
Кырсыктын кесепетинен эки өспүрүм окуя болгон жерде каза болгон.
Айдоочу Г.М. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, соттук-медициналык экспертизалар дайындалды.
Тергөө иштери уланууда.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн