Бишкек шаарынын бийлиги темир жолду шаардын чегинен сыртка чыгаруу идеясынан баш тартуу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу калаа мэри Айбек Жунушалиев “Ала-Тоо 24” телеканалынын түз эфиринде билдирди.
«Биз изилдөөлөрдү жүргүздүк, жумушчу топторду түздүк, ар түрдүү варианттарды карап чыктык. Бирок адистердин сунуштарынын негизинде темир жолду чыгаруудан баш тартуу чечими кабыл алынды. Азыркы учурда темир жолду борбордон чыгарууга негиз да, экономикалык зарылдык да жок. Тескерисинче, бул инфраструктураны өнүктүрүү боюнча сунуштар түшүп жатат — мисалы, шаардык электр поезддерин ишке киргизүү боюнча», — деди шаар башчысы.
Өткөн жылы, мэрия Кытайдын China Road компаниясы менен темир жол линияларын шаардан сыртка чыгаруу мүмкүнчүлүгү боюнча меморандумга кол койгон. Ошол учурда Жунушалиев темир жолдун жаңы линиясы түндүк айланма жолунун боюнда курулушу мүмкүн экенин айткан. Ошондой эле долбоордун алкагында эки шакек жолун жана учурдагы темир жол өткөн жерге ылдам автожол куруу пландалган болчу.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн