Жетинин айы 01, 2024
Убакыт: 05:59
USD
85.65
86.15
EUR
92.40
93.40
RUB
0.875
0.915

Байлардын баарын чет мамлекеттерге кетирсек оңолобузбу?

01.03.2021 12:36
1036
Байлардын баарын чет мамлекеттерге кетирсек оңолобузбу?


Акыркы апта ичинде Жогорку Кеңештин айрым депутаттарынын тагынган кол сааттары коомчулукта кызуу талкуу жаратты. «Көрсө айрым депутаттарыбыз бир бөлмөлүү батирдин акчасын колуна эле тагынып алат турбайбы» деп жаныбыз кашайды. Коомчулуктун мындай талкуусунан чоочулаган айрым депутаттар «Мен ал сааттын баасы канча экенин деле билген эмесмин, аны мага белек кылышкан эле» деп актанып да жиберишти.


Эске сала кетсек, буга чейин Ак үйдүн так кире беришине туруп алып, кайсыл депутат кандай автоунаа менен жумушка келе турганын, анын баасы канча экенин да видеотасма аркылуу коомчулукка тартуулап, коомдук талкууга жем таштагандар болгон. Алтургай депутаттардын так алдынан чыга калып, «кийип турган костюм-шымыңызды канчага сатып алдыңыз эле?» деп суроо узаткандарды көргөнбүз.


Албетте, мындай суроолордун жаралашы да жөн эле боло калган жок. Айдан айга айлыгын, пенсиясын санап жашап жаткан калың элди башкарып жаткандардын жашоосу кандай болуп жатканын да коомчулукка жеткирип коюу туура эле көрүнүш. Бирок, муну менен бай жашагандардын баарын эле бир беткей элге жек көргөзүү аракети жасалбашы керек. Маалыматтын бир тарабын бергенден кийин, анын экинчи тарабы да сөзсүз болушу керек эмеспи?


Мисалы, узак жылдар бою жеке ишкерлик менен алектенип, таман акы, маңдай тери менен байыган мекендештерибиз да бар. Айрым депутаттар парламентке ишкерлик чөйрөсүнөн келишкен. Демек, алар өз мээнети менен тапкан байлыгын кымырынып-кысынбай эле пайдалана алуусу – жеке укугу. Өнүккөн демократиялуу мамлекеттерде жеке самолёту, же яхтасы, бир нече ондогон кабаттуу имараттары бар олигархтар бар. Айрымдарынын бут кийимдери эле бир бөлмөлүү батирдин акчасы болуп калышы мүмкүн. Бирок, ал өлкөлөрдө «Мунун кол саатынын баасы мынча экен, минип жүргөн машинасы өтө кымбат экен» деп эч ким кодулабайт. Тескерисинче, алардын ошондой байлыкка жетиши үчүн кандай эмгек кылганы, башкалар таттуу уйкуда жатканда жан үрөп иштеп жүргөнү, кандай кыйынчылыктарды башынан өткөргөнү кеп болот. Мындай жол менен алардын басып-өткөн жолунун таржымалы башкаларга стимул болуп берет.


А биздечи? Бизде аны жулмалап, «Эмнеге ушул эле бай жашашы керек?» дегендей ичи тарлык, көрө албастык коштоп кетет. Ал адамдын ошол деңгээлге жетиш үчүн жасаган эмгегин, жыгылып-турганын эч ким эсине албайт. Муну менен биз «Сен деле биздей болуп жалкоолонбойсуңбу, жөн эле ар кимди сындап, колуңду колуңа уруп жүрө бербейсиңби» дегендей кылабыз. Эгерде баарыбыздын тилибизден гана келип, колубуздан иш келбей жүрө берсек, анда ким ишкерлик кылат, ким жумушчу орундарын түзөт? Маңдай тери менен тапкан байлыгынын үзүрүн ачык-айкын көрө албаса, анда кайсы ишкер Кыргызстанда калып жашоону туура көрөт?


Албетте, өмүр бою мамлекеттик кызматтарда гана иштеп жүрүп, колуна бир батирдин акчасына тете кол саатты тагынып алгандарды сындаш керек. Сындаш гана керек эмес, аны тереңден иликтеш керек. Эгерде өмүр бою мамлекеттик кызматтарда жүрүп, кимдир-бирөөдөн ошондой кымбат белектерди алган болсо, анда аларды токтоосуз кызматынан алуу шарт. Себеби, мамлекеттик кызматта турган адамдын кымбат белек алганы пара алуу менен барабар. Андай чиновник кимден белек алса, демек ага кызматтык абалынан пайдаланып, кандайдыр бир көмөк көрсөтүшү мүмкүн. Жөн салды эле кымбат белекти эч ким бербейт. Бирок, ошол эле убакта ишкерлик чөйрөдө жүрүп, жакшы машина мингендерди, кымбат саат тагынгандарды жөн эле тепкиге ала берүү жакшы көрүнүш эмес. Эгерде мындай темп менен бара берсек, анда кайсыл чиновник кандай ич кийим кийерин, анын баасы канча экенин да тартынбай жаза баштайбыз.


Деги эле жалаң негативдерди жазып, көрсөтүп келатканыбыз да биздин оңолбой жатканыбыздын бир себеби. Кыргызда «Жаманды жашыруу, жакшыны ашыруу» деген кеп бар. Жакшы сөз көбүрөөк сүйлөнүп турган жерге жакшылык да байыр алат. Ынтымак бар жерде ырыс болот. Кыргыздар бири-бирин жамандап, бирин бири чалып жыга берген эл деген жаман аттан кутулалы. Биздин жалаң негатив маалыматтарга гана сугарылып калганыбыздан улам, жетишкен ийгиликтерибиз да өз деңгээлинде сөз болбой калып жатат. Мисалы, жакында эле Киев шаарында (Украина) эркин, грек-рим жана аялдар күрөшү боюнча эл аралык мелдеш болуп өттү. Анда кыргызстандык балбандар жалпысынан 13 медаль утуп алышты. Кыргыздын айтылуу балбан кыздары Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова жана балбан мырзабыз Үзүр Жусупбеков алтын тагынышты. Дагы төрт балбаныбыз күмүш, алтоо коло медалдын ээси болушту. Бул кичинекей Кыргызстан үчүн өтө чоң жетишкнедик. Ар кимдин кол саатын аңдып отурганча, ушул сыяктуу ийгиликтерибизге көбүрөөк басым жасап турсак, коомдук маанай оңолот. Коомдун маанайы оңолгон жерде иш жүрүшөт. Иш жүрүшкөн жерде өнүгүү болот.


Канатбек Аскаров


Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Таа
Башчы алдырбай озу албай алгандын колун чаап турса онолобуз.Аны кылган ерктуу башчы азырынча жок.