Бугу 20, 2024
Убакыт: 02:38
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Базар-Коргондо курал-жарак жана ок-дарыларды мыйзамсыз сактап жүргөндөр аныкталды

08.05.2024 14:19
431
Базар-Коргондо курал-жарак жана ок-дарыларды мыйзамсыз сактап жүргөндөр аныкталды


Базар-Коргон районунун тургуну курал-жарак жана ок-дарыларды мыйзамсыз сактап жүргөн. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынан билдиришти.

Милицияга райондун аймагында "Б" аттуу жаран курал-жарак жана ок-дарыларды мыйзамсыз сактап жүргөндугу тууралуу маалымат түшкөн. Бул боюнча топтолгон материалдардын негизинде кылмыш иши козголуп, тиешелүү кызматтарга тапшырмалар берилген.

Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө жана тергөө амалдарынын жүрүшүндө кылмышка шектүү катары Кызыл-Үнкүр айылынын тургуну 1980-жылы туулган С.Б. жана Арстанбап айылынын тургуну 1977-жылы туулган М.Ф. аныкталыпга. Кийин алардын үйүнө тинтүү жүргүзүү учурунда С.Б.нын үйүнөн жана автоунаасынан сайлуу 5.6мм ТОЗ-8, 308 калибрлүү Zastava-S, сайсыз 12 калибрдеги МР 155 үлгүсүндөгү ок атуучу куралдар жана жалпы 304 даана ар кайсы калибрдеги ок дарылар табылып алынган.

Ал эми шектүү М.Ф. турак-жайынан 7,62х54 калибрдеги сайлуу Тигр үлгүсүндөгү ок атуучу курал жана 18 даана ар кандай калибрдеги ок дарылар табылып алынып, далил-буюмдарга карата тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Шектүүлөр тергөө кызматына камсыздалып, учурда курал-жарак жана ок-дарылардын мыйзамсыз түрлөрүн аныктоо боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн