Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 06:03
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Бажы кызматына бир айда 6,4 млрд сом төлөм түштү

03.03.2023 18:05
590
Бажы кызматына бир айда 6,4 млрд сом төлөм түштү

Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы үстүбүздөгү жылдын февраль айында республикалык бюджетке 6, 488 млрд сом өлчөмүндө бажы төлөмдөрүнүн иш жүзүндө түшүүсүн камсыз кылды.


Ведомствонун маалыматына ылайык, үстүбүздөгү жылы февраль айына белгиленген пландык көрсөткүч 101,4%га аткарылган же 88 млн сомго ашык чогултулган.


Ал эми ЕАЭБ өлкөлөрүнөн алымдар боюнча белгиленген болжол 84,4%га же 291,3 млн сомго аз аткарылган.


Белгилей кетсек, 2023-жылдын январь айында Мамлекеттик бажы кызматы да белгиленген планды ашык аткарып, мамлекеттик казынага 6,042 млрд. сом же 316,4 миллион сомго көп бажы төлөмдөрүнүн түшүүсүн камсыз кылган.


Ведомствонун басма сөз кызматы төмөндө 2017-жылдан 2023-жылдардын тийиштүү мезгилдеринде бажы төлөмдөрүнүн түшүү динамикасы боюнча маалымат берди:


- 2017-жылы – 1,9 млрд сом;


- 2018-жылы – 3,1 млрд сом;


- 2019-жылы – 2,7 млрд сом;


- 2020-жылы – 1,8 млрд сом;


- 2021-жылы – 2,8 млрд сомов;


- 2022-жылы – 4,7 млрд сом;


- 2023-жылы - 6,488 млрд сом.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн