Бугу 06, 2024
Убакыт: 05:31
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Белгилүү дин аалымы Чубак ажы Жалиловдун элесине арналган эл аралык азан жарышы өтөт

26.04.2023 17:27
407
Белгилүү дин аалымы Чубак ажы Жалиловдун элесине арналган эл аралык азан жарышы өтөт



Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы “Мухаммед-Умар-Ош” коомдук бирикмеси менен биргеликте белгилүү дин аалымы Чубак ажы Жалиловдун жаркын элесине арналып өткөрүлчү эл аралык Азан жарышынын алкагында муаззиндер (азанчылар) арасында конкурс жарыялайт. Бул тууралуу Муфтияттын басма сөз кызматы билдирди.


Маалым болгондой, жарышка Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстан мамлекеттеринен азанды коңур үн менен кооз, көркөм, туура айткан жалпы азанчылар катыша алат.


"Тандоо турунун шарттары: азанчы өзүнүн жандуу айткан азанын уюлдук кол телефонго видеого тартып, аны +996 555 14-30-10 номериндеги телеграм баракчасына 2023-жылдын 17-майына чейин жибериши керек. Калыстар тарабынан тандалган азанчылар финалга жолдомо алышат.


Финал 27-май күнү Ош шаарындагы Кыргызстан кинотеатрында өтөт.


Байгелер:


1-орун: Умра сапарына жолдомо жана акчалай сыйлык;


2-орун: Умра;


3-орун: Ноутбук;


4-орун: Телевизор",- деп айтылат жарыяда.


Маалымат үчүн: +996 772 18-48-89



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн