Бугу 03, 2025
Убакыт: 20:23
USD
87.30
87.80
EUR
98.40
99.40
RUB
1.050
1.090

Бир суткада 62 дарыгерден COVID-19 аныкталды

08.07.2020 10:11
1181
Бир суткада 62 дарыгерден COVID-19 аныкталды


Бир сутка ичинде өлкө боюнча 62 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин Коомдук саламаттык башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифингде билдирди.


Жаңы учурлар:


• Бишкек шаарында – 23;
• Чүй облусунда – 16;
• Ош шаарында – 9;
• Ош облусунда – 1;
• Нарын облусунда – 3;
• Ысык-Көл облусунда – 1;
• Жалал-Абад облусунда – 6;
• Баткен облусунда – 3.

Ал эми бир суткада 7 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыкты. Муну менен илдеттен сакайган дарыгерлердин саны 522ге жетти.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 1287 учур катталды.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн