Бугу 21, 2024
Убакыт: 12:39
USD
88.20
89.10
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Бирибизден бирибиз өтүп акылдуусунганды токтототолу...

20.03.2020 16:04
748
Бирибизден бирибиз өтүп акылдуусунганды токтототолу...


Чындыкка тике карап, кырдаалга туура баам берүү зарыл экендигин АКШнын бул ооруга карата жасап жаткан мамилеси көрсөтүп турат... Азыр бир тобубуз жеңил ойдобуз, бир эле жолу болуп анан өтүп кетүүчү нерсе катары карап турабыз...Билип-билбей, түшүнүп-түшүнбой эле чурулдагандар өтө эле көп. Өзгөчө кырдаал киргизүү зарыл деп ызылдап жаткандар да ошондой көз караштан улам, же кандайдыр бир көмүскө максаттардын жетеги менен ошентип жаткандай... балким ойлорунда тез эле астын-үстү болуп, башаламандык өкүм сүрүп кетсе деген нерсе жатат алардын ...

 


Жок, бул вирус бир эле келип ошону менен жок болуп кетпейт... Кайра-кайра келет... кайра-кайра жанданып турат... Анткени дүйнөнүн булуң бурчуна толук жеткенче, жер жүзүндөгү адамдардын көбү ооруп айыгып иммунитет пайда болгончо, алдын алуучу вакцина табылып, анан ал өндүрүшкө кирип толук жеткенче... дарылоого жакшы натыйжа бере турган дарылар чыкмайынча ... ушинтип толкун-толкун болуп жайпап жүрө бере турган дарт болуп калды... Бул чындыкка да тике карайлы. Биз бир-эки жыл чекибизди бекитип, самолет учурбай, машине жүргүзбөй, киши каттатпай өзгөчө кырдаал киргизип алып жашай албайбыз... Оору бир аз басаңдаса эле мурдагыдай эле туш-тушка байма-бай каттоо башталат... Ар кайсы жактан туристтер да келе баштайт... Өздөрү оорубай, оорунун эч кандай белгиси жок, бирок вирусту алып жүргөн адамдар миңдеген санга жетет... Эмне алардын бирди-жарымы Кыргызстанга келбейт дейсиңерби, келет... эл аралайт, жолугат далайыбыз менен кучакташат, көрүшөт...

 

Ошондуктан, урматтуу мекендештер, какшыкты, шылдыңды, же кур намысты, курулай баатырдыкты жыйыштыруубуз зарыл... бирибизден бирибиз өтүп акылдуусунганды да токтототолу... Ар кимибиз өзүбүздөн баштайлы, ашып бара жатса туугандарыбызга, кошуна-колоңго айталы... тартипти, тазалыкты сактайлы... Кандай болгон күндө дагы башкы жоопкерчилик азыр Өкмөттө, жергиликтүү бийлик түзүмдөрүндө... Колдон келишинче жардам берели, көмөктөшөлү... "Самаркандан саман учуптур десе сансыз кол чыгыптыр" - деген сымал жөнү жок эле элди козутуу, дүрбөлөң салуу аракеттерин токтотолу... Бул илдеттин башкы дабасы - бул уюшкандык жана тартип экендигин унутпайлы!


Эмилбек Каптагаев, коомдук ишмер


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн