Бугу 18, 2024
Убакыт: 21:06
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Биринчи этап менен сатылып алынган вакциналар аймактарга кандай бөлүштүрүлдү? (тизме)

01.10.2020 13:46
840
Биринчи этап менен сатылып алынган вакциналар аймактарга кандай бөлүштүрүлдү?  (тизме)


Сасык тумоого каршы эмдөө үчүн биринчи этап менен 119 643 вакцинанын дозасы сатылып алынган. Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти маалымдады. 


Бөлүштүрүү планга ылайык, төмөнкүдөй жүрдү:

- Бишкек шаарына – 27000;
- Чүй облусуна – 24000;
- Ош шаарына – 5000;
- Ош облусуна – 18000;
- Жалал-Абад облусуна – 17643;
- Баткен облусуна – 9000;
- Ысык-Көл облусуна – 9000;
- Нарын облусуна – 5000;
- Талас облусуна – 5000 доза.

Бүгүнкү күндө, вакцинанын 118 682 дозасы же 99,2%ы колдонулду. Октябрь айында сасык тумоого каршы вакцинанын дагы 770 миң дозасы келери күтүлүүдө.

Эскерте кетсек, республиканын бардык ҮМБларында тобокел тобуна кирген адамдарга, ошондой эле социалдык- аярлуу топко кирген (өнөкөт оорулары барлар, көп ооруган балдар, 65 жаштан жогору адамдар, кары үйлөрүнүн жашоочулары, кош бойлуу аялдар, медициналык кызматкерлер, мектеп-интернатында, балдар үйүндө тарбияланган балдар) адамдарга сасык тумоого каршы акысыз вакцинация жасалууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн