Бугу 05, 2024
Убакыт: 22:56
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Биринчи май районунун акими эмгек ардагерине майып араба белек кылды

22.09.2020 14:51
862
Биринчи май районунун акими эмгек ардагерине майып араба белек кылды


Биринчи май районунун акими Алибек Биримкулов Ленинград блокадачысы, эмгек ардагери Маркова Валентина Петровнадан кабар алды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка караганда, аким ардагерге майыптар үчүн араба, азык-түлүктөрдү жана гүл белек кылды.

"Өткөн жумада Биримкулов социалдык колдоо, майыптар үчүн араба алуу жана материалдык жардам маселелери боюнча ардагерлерге жолуккан", - деп айтылат маалыматта.

Калаада Улуу Ата Мекендик согуштан майып болгон 13 ардагери, согушка катышкан 42 ардагери, 12 концлагердин туткуну, 10 Ленинград блокадачысы, 240 тылда эмгектенгендер жашайт.

Ардагерлерге республикалык бюджеттен ай сайын 7 миң сом өлчөмүндөгү компенсация жана 10 миң сом КРнын президентинин өмүр бою берилчү стипендия берилет. Өз кезегинде, шаардык бюджеттен ардагерлерге квартал сайын үч миң сомдон берилет. 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн