Бугу 21, 2024
Убакыт: 03:21
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Бишкек шаарында кыргыз тилди билүү өтө начар экени айтылды

11.05.2020 18:21
912
Бишкек шаарында кыргыз тилди билүү өтө начар экени айтылды


Көп тилдүү окутуу боюнча программа иштелип чыкканына карабастан аны мектептерге киргизүү боюнча толук иш жүргүзүлбөй жатат. Бул тууралуу вице-премьер-министр Аида Исмаилова Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин бүгүн, 11-майдагы кезектеги жыйынында билдирди.


Анын айтымында, республиканын региондорунда, айрыкча элетте чет тилдерди (расмий орус тилди, англис тилин) билүү деңгээли төмөн, ал эми Бишкек шаарында кыргыз тилди билүү өтө начар.


Ошондуктан эми алдыда, тагыраагы өкмөттүн программасында балдардын көпчүлүгү толук баалуу мектепке чейинки билим берүү менен камтылган жана турмуштагы ийгилик үчүн эртелеп зарыл импульс алышат. Мектептерде окутуунун сапаты жакшыртылат, анын ичинде окутууга компетентүү ыкманы киргизүү менен жакшыртылат, окутуунун жаңы стандарттары жана жаңы окуу китептер киргизилет, компетенциянын сапатын аныктоонун зарыл процедуралары аткарылат”, - деди вице-премьер.


Ал белгилегендей, борбор шаар жана чоң шаарлар менен айылдардын, алыскы аймактардын ортосундагы окутуу процессинин сапаты жана жыйынтыгы боюнча айырмалар жоюлат. Билим берүү системасы жаңыртууга муктаж, ошондуктан Билим берүүнү өнүктүрүү концепциясынын жаңы редакциясын иштеп чыгуу зарылдыгы турат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн