Бугу 06, 2024
Убакыт: 02:31
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Бишкек—Ош жолундагы кырсыктан 10 адам жабыркады

22.09.2020 11:10
979
Бишкек—Ош жолундагы кырсыктан 10 адам жабыркады


Ош облусунун Кара-Суу районунда жол кырсык катталды, деп билдирет ӨКМдин басма сөз кызматы. 


Маалыматка караганда, Бишкек—Ош унаа жолунун 617-чакырымында (Жаңы-Арык айылы) «Мерседес-Бенц Спринтер» унаасынын айдоочусу башкаруусун жоготуп, жүк ташуучу «ДАФ» унаасынын артын сүзүп алган. 


Кырсыктын кесепетинен 10 адам жеңил жаракат алган. Алардын өздүгү аныкталууда. 


Тез жардам кызматы жана куткаруучулар келгенге чейин жабыркагандарды жолдон өтүп бара жаткан унаалар ооруканага жеткиришкен. 

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Иса
Ушул туннелдин жаны ото кырсыктуу жер экен ушул мерседес улам улам эле машинелер менен сушо берет экен. Кырсык болгон жерде ушул мерседес журот.