Бугу 03, 2025
Убакыт: 02:42
USD
87.30
87.80
EUR
98.50
99.50
RUB
1.050
1.090

Бишкекке Түркиядан жаңы автобустардын партиясы келе жатат

23.10.2024 12:02
334
Бишкекке Түркиядан жаңы автобустардын партиясы келе жатат


Бишкекке Түркиядан 35 автобус келе жатат. Бул тууралуу Бишкек шаарынын вице-мэри Жамалбек Ырсалиев билдирди.

Анын айтымында, жаңы автобустар Бишкек мэриясы тарабынан сатып алынды.

“Автобустар кондиционер жана майыптыгы бар жарандар үчүн көтөрүүчү механизмдер менен жабдылган”, - деп кошумчалады ал.

Вице-мэр белгилегендей, жаңы автобустар экспресс каттамдарга чыгат. Мисалы, “Манас” аэропортуна чейин каттайт.

“Бүгүнкү күндө борбордо 1 миң 376 автобус бар. Күн сайын линияга 1 миң 70 автобус жана 108 троллейбус чыгууда. Дагы кошумча автобустар алынып келип, региондорго берилген троллейбус каттамдарынын ордуна чыгат, - деп белгиледи Ырсалиев.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн