Бугу 06, 2024
Убакыт: 18:58
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

Бишкекке жакын жерде айдоочу окуучуну өлтүрө сүздү

Бишкекке жакын жерде айдоочу окуучуну өлтүрө сүздү


Сокулукта маршрутканын айдоочусу өспүрүмдү сузүп, ал окуя болгон жерде каза болгон. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кырсык 1-апрель күнү саат 16:25 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 8-чакырымында болгон. Анда "АЙМЭ" ЖЧКга караштуу №374 "Бишкек - Кара-Балта" мрашруттук каттамында жүргөн “Мерседес бенц 313” үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу чыгыштан батышты карай бара жатып түндүктөн түштүктү көздөй жөө өтмөктөн журкап чыга калган 2015-жылы туулган А.А.ны сүзүп алган. Кырсыктын кесепетинен жөө жүргүнчү каза болуп калган.

Азыркы учурда Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнүн жана ЖККБнын кызматкерлери тарабынан тийиштүү экспертизалар дайындалып, териштирүү иштери жүрүүдө.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн