Баш оона 05, 2025
Убакыт: 19:45
USD
87.30
87.80
EUR
100.60
101.60
RUB
1.085
1.110

Бишкекте 5 автобустун жүрүү схемалары убактылуу өзгөрдү

05.08.2025 17:42
10
Бишкекте 5 автобустун жүрүү схемалары убактылуу өзгөрдү


Бишкекте бүгүн, 5-августтан тарта 5 автобус каттамынын кыймыл схемалары убактылуу өзгөртүлдү.


Муниципалитеттен билдиришкендей,  №101, №61, №100, №10, №11 автобус каттамдарынын жүрүү багыттары өзгөрдү.


Өзгөртүүлөр Ахунбаев көчөсүнүн Б.Юнусалиев көчөсүнөн Жукеев-Пудовкин көчөсүнө чейинки бөлүгүндө жүрүп жаткан оңдоо жана реабилитация иштерине байланыштуу киргизилүүдө.


Эскерте кетсек, 2025-жылы Ахунбаев көчөсүнүн 7-Апрель көчөсүнөн Жукеев-Пудовкин көчөсүнө чейинки бөлүгү оңдолот. Ал эми 2024-жылы Жукеев-Пудовкин көчөсүнөн Ч.Айтматов проспектисине чейинки бөлүгү оңдолгон.


Бишкек шаарынын мэриясы жарандардан жаралган ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууну, маршруттарды алдын ала пландоону жана мүмкүн болушунча жеке автоунаалардын ордуна коомдук транспортту колдонууну өтүнөт.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн