Аяк оона 19, 2025
Убакыт: 19:58
USD
87.30
87.80
EUR
102.40
103.40
RUB
1.045
1.075

Бишкекте БА мамлекеттеринин парламенттер аралык форуму өтөт

19.09.2025 17:46
18
Бишкекте БА мамлекеттеринин парламенттер аралык форуму өтөт


2025-жылдын 23-сентябрында Бишкек шаарында «Борбордук Азия өлкөлөрүнүн парламенттери: аймакты ар тараптуу өнүктүрүү үчүн натыйжалуу чечимдер» аттуу III парламенттер аралык форуму өтөт.


Иш-чарага Борбор Азия мамлекеттеринин парламент төрагаларынын катышуусу күтүлүүдө.


Форумдун негизги максаты – Борбор Азия мамлекеттеринин парламенттер аралык кызматташтыгын чыңдоо, туруктуу экономикалык өсүштү камсыздоо, миграциялык процесстерди жөнгө салуу жана санариптик чөйрөнү өнүктүрүү.


III парламенттер аралык форумдун жүрүшүндө төмөнкү темалар талкууланат: «Миграция жана эмгек агымдары: жарандардын укуктарын мыйзамдык жактан камсыздоо жана экономиканын туруктуулугу», «Инвестициялык климатты жакшыртуу жана Борбордук Азия мамлекеттеринин экономикасынын ачыктыгын жогорулатуу боюнча мыйзам чыгаруу чаралары», «Парламенттер жана санариптик суверенитет: киберкоопсуздук, санариптик чөйрөнү укуктук жөнгө салуу».


Белгилей кетсек, буга чейинки форумдар 2023-жылы Казакстан Республикасында, ал эми 2024-жылы Өзбекстанга өткөн.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн