Бугу 18, 2024
Убакыт: 14:01
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Бишкекте CHARGE FAST пирамидасынын негизги уюштуруучусу кармалды

07.03.2024 17:09
236
Бишкекте CHARGE FAST пирамидасынын негизги уюштуруучусу кармалды


Бишкекте "Chargefast" пирамидасынын негизги уюштуруучусу кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, март айында Биринчи май РИИБге 100дөн ашуун жаран "Chargefast” (тез заряд) компаниясынын ээлерине карата чара көрүү арызы менен кайрылган. Алар акчаны эки эсе көбөйтүү шылтоосу менен ишенимге кирип, алдамчылык жолу менен көп суммадагы акча каражаттарын ээлеп алышкан. Андан кийин убадасын аткарбай, жүргөн жерин жашырышкан.

Аталган факты боюнча Биринчи май РИИБдин Тергөө кызматында КР Кылмыш-жаза кодексинин "Финансы пирамидаларын уюштуруу" беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Тергөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Бишкек шаарында аталган пирамиданын эң негизги уюштуруучусу 1981-жылы туулган С.С. аттуу шектүү кармалып, Тергөө кызматына жеткирилди. Учурда ал Бишкек шаарынын ИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Азыркы учурда алардын ушул сыяктуу кылмыш фактыларын жасоого катыштыгы бар экендиги аныкталууда.

Эскерте кетсек, буга чейинөлкөнүн бардык аймагынан аталган компаниядан жабыркаган жүздөгөн жабырлануучулар милицияга арыз менен кайрылышып, айрым уюштуруучулар кармалган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн