Кулжа 21, 2025
Убакыт: 12:33
USD
87.20
87.70
EUR
100.10
101.10
RUB
1.100
1.130

Бишкекте Кара-Кеченин көмүрү 4 миң сомдон сатылууда

01.11.2022 12:02
734
Бишкекте Кара-Кеченин көмүрү 4 миң сомдон сатылууда

Бишкекте бүгүндөн баштап көмүрдүн тоннасы 4 миң сомдон сатылат. Бул тууралуу “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын басма сөз катчысы Жийде Зоотбекова билдирди.


Анын айтымында, Кара-Кече кенинен чыккан көмүрдүн баасы 4 миң сомдон сатылат жана бир адамга эки тонна берилет.


“Бишкектин тургундары “Кыргызкөмүр” ишканасы тарабынан уюштурулган жайлардан таңкы саат 9:00дөн баштап арзан көмүр сатып ала алат. Арзан көмүр саткан жерлерде кызыл түстөгү баннерде жазуу турат”, - дейт ал.


4 миң сомдук көмүр сатылган жайлардын даректери:


1. Мурманский көчөсү, 126,


2. Айланма жол менен Алма-Ата көчөсүнүн кесилиши;


3. Айланма жол менен Киргизская көчөсүнүн кесилиши;


4. Достоевский көчөсү, 97.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн