Бугу 18, 2024
Убакыт: 20:51
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Бишкекте "Клексан" дарысын 6-7 эсе кымбат сатып жаткан дарыкана аныкталды (видео)

21.07.2020 12:09
1071
Бишкекте "Клексан" дарысын 6-7 эсе кымбат сатып жаткан дарыкана аныкталды (видео)


Бишкек шаарында "Клексан" дарысынын бир таңгагын 8 миң сомдон сатып жаткан дарыкана аныкталды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, Москва көчөсүндө жайгашкан дарыканалардын биринен контролдук сатып алуу жүргүзүлгөн. Анын жүрүшүндө "Клексан" препаратынын бир таңгагы 8 миң сомдон сатылган. Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.




Финпол азыркы кырдаалга байланыштуу бааны негизсиз көтөргөн дарыканалардын дареги менен андагы сатуучуларды ачык көрсөтүүгө мажбур экенин эскертет.


Аталган кызмат дары-дармектердин жогорулатылган баада сатылып жатканына күбө болгон жарандарга 1955 ишеним номуруна байланышып же [email protected]. электрондук почтасына өз арыздарын жөнөтүп коюну суранат.





Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн