Бугу 06, 2024
Убакыт: 22:38
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

Бишкекте “Оймо-2023” XVII эл аралык фестивалы башталды

27.07.2023 17:04
1282
Бишкекте “Оймо-2023” XVII эл аралык фестивалы башталды


Бүгүн, 27-июлда Бишкекте “Оймо-2023” XVII эл аралык салттуу маданият жана кол өнөрчүлүк фестивалы башталды.


Муниципалитеттен билдиришкендей, жарманкеге шаар тургундары жана чет элдик коноктор, кол өнөрчүлөр, дизайнерлер, маданият жана искусство ишмерлери, чыгармачыл тармактардын өкүлдөрү катышууда.

Фестивалдын максаты - маданий мурастарды сактоо, салттуу билимдердин уландысын жандандыруу, кол өнөрчүлүк рыногун жана маданий мурастарга негизделген креативдүү индустрияларды өнүктүрүү жана Кыргызстанды экологиялык жактан таза маданий туризмдин эл аралык аймагына айландыруу болуп саналат.

“Оймо” – Кыргызстанда 2006-жылдан бери өткөрүлүп келе жаткан эл аралык маданий фестиваль. Салт боюнча июль айынын аягында Бишкекте жарманке менен ачылып, Ысык-Көлдүн жээгинде уланат.

Белгилей кетсек, жыл сайын фестивалга Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Түркия, Азербайжан, Афганистан, Индия, Кытай, Россия, Иран, АКШ жана Мексикадан чеберлер келишет.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн