Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 01:26
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Бишкекте Түркия элчилигинин жанында унаа күйүп кетти

Бишкекте Түркия элчилигинин жанында унаа күйүп кетти


Бишкектин Тыныстанов көчөсүндө жайгашкан Түркия элчилигинин имаратынын жанында Mazda Demio үлгүсүндөгү жеңил унаа өрттөндү. Рулду 27 жаштагы Б.К. аттуу жаран башкарып бараткан.

Ички иштер министрлигинин маалыматына таянсак, айдоочу унаасынан түтүн чыкканын байкап, жолдун ортосуна токтотууга аргасыз болгон. Андан соң унаадан өрт чыккан.

"Бул кырсыкта террордук жардыруунун белгилери жок", - деп айтышты ИИМден.

Жерине келген өрт өчүрүүчүлөр унаадан чыккан жалынды толугу менен өчүрүшкөн. Жабыркагандар жок.

Учурда жеринде милициянын ыкчам-тергөө тобу иштеп жатат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн