Аяк оона 19, 2025
Убакыт: 06:15
USD
87.30
87.80
EUR
102.90
103.90
RUB
1.045
1.075

Бишкекте алдамчылыкка шектүү жаран кармалды

06.03.2021 11:35
1020
Бишкекте алдамчылыкка шектүү жаран кармалды

Бишкекте алдамчылыкка шектелип аял кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБдин басма сөз кызматы билдирди.


2018-жылдын апрель айынан 2019-жылдын февраль айына чейин бир аял борбор калаанын тургунунан бизнес үчүн 16000 доллар алган. Бирок, ал убадасын аткарбай, качып кеткен.


Алданган адам 2020-жылдын ноябрь айында милиция кызматкерлерине кайрылып, бул факты бирдиктүү реестрге катталган.


Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү 1982-жылы туулган Ш.М. Кылмыш ишин иликтөөнүн алкагында аял СИЗО-1ге эки айга камалды.


Ошондой эле кармалган жарандын ушул сыяктуу эки кылмышка тиешеси бар экендиги аныкталууда.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн