Бугу 03, 2024
Убакыт: 01:10
USD
88.80
89.70
EUR
94.70
95.70
RUB
0.940
0.975

Бишкекте алты унаанын катышуусунда эки жол кырсыгы катталды

Бишкекте алты унаанын катышуусунда эки жол кырсыгы катталды


Бишкекте Толстой жана Кара-Жыгач көчөлөрүнүн кесилишинде бүгүн массалык жол кырсыгы болду.

Милициянын кайгуул кызматынан билдиришкендей, жолдун аталган тилкесинде эки кырсык катталган: биринчи жол кырсыгы 4 автоунаанын, экинчиси жүк ташуучу кичи "Портер" жана жеңил автоунаа катышуусунда болгон.

Алдын ала маалыматка караганда, жол кырсыгынан эч ким жабыркаган эмес, болгону материалдык чыгым келтирилген.

Милициянын кайгуул кызматы айдоочуларды жолдо сак болууга жана эрежелерди так сактоого чакырат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн