Теке 18, 2025
Убакыт: 17:02
USD
87.30
87.80
EUR
101.20
102.20
RUB
1.110
1.135

Бишкекте айрым автобус жана троллейбустардын каттамдары убактылуу өзгөрдү

08.05.2024 15:10
339
Бишкекте айрым автобус жана троллейбустардын каттамдары убактылуу өзгөрдү


Бишкекте 8-9-майда №36 автобус, №2 жана №8 троллейбустун каттамдары убактылуу өзгөрдү. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.


Маалыматка ылайык, Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 79 жылдыгын белгилөөгө байланыштуу борбордун айрым көчөлөрүндө жол кыймылына убактылуу чектөө киргизилет.


Мындан улам №36 автобус Абдрахманов көчөсү менен Жибек Жолу проспектинен Чүй проспектине чейин каттайт. Ал эми №2 жана №8 троллейбустар Жибек Жолу проспекти — Лермонтов көчөсү — Чүй проспекти маршруту боюнча жүрөт.


Муниципалдык транспорттун каттамдары 10-майдан тарта кайра калыбына келери кошумчаланды.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн