Кулжа 16, 2024
Убакыт: 05:47
USD
87.10
88.00
EUR
93.70
94.70
RUB
0.955
1.000

Бишкекте баңгизат сатуу менен алектенген Египеттин 5 жараны кармалды

22.05.2024 17:10
202
Бишкекте баңгизат сатуу менен алектенген Египеттин 5 жараны кармалды


Бишкекте баңгизат сатуу менен алектенген Египеттин 5 жараны кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Атайын кызмат тарабынан чет элдик жаранды барымтага алуу, андан акча талап кылуу, баңгизаттарды сактоо жана колдонуу, КР миграциялык мыйзамдарын бузуу фактылары боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Египеттин 5 жараны кармалды.

Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө чет өлкөлүк жарандар социалдык тармактар (Telegram мессенджери – Трава шоп группасы) аркылуу "гашиш" баңгизатын системалуу түрдө сатып алуу менен алектенип жүргөндүгү аныкталды.

Тагыраагы, Бишкек шаарынын бардык райондору боюнча топтун администратору тарабынан берилген даректердин негизинде заклад чогултулуп, тиешелүү дозалар менен чет өлкөлүк студенттерге сатылган.

Тергөө иштеринин жыйынтыгы боюнча баңгизаттарды сатуу каналынын негизги уюштуруучусу — Египеттин жараны Ш.А.Х. Биринчи май райондук сотунун токтому менен Бишкек шаарынын №1 тергөө абагына 2 айга камакка алынды.

Учурда бул мыйзамсыз ишке тиешеси бар башка адамдарды аныктоо жана интернеттеги социалдык тармактар аркылуу жаштар арасында баңгизаттарды жайылтууну токтотуу боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралар улантылууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн