Бугу 02, 2025
Убакыт: 06:48
USD
87.30
87.80
EUR
98.70
99.70
RUB
1.050
1.090

Бишкекте бир катар автобус каттамдарынын кыймылы өзгөрдү

07.04.2025 17:20
195
Бишкекте бир катар автобус каттамдарынын кыймылы өзгөрдү


Бүгүн жылуулук түтүктөрүн алмаштыруу иштерине байланыштуу Бишкектин Рыскулов көчөсү менен Жаш Гвардия бульварынын кесилиши убактылуу жабылды.


Муниципалитеттен билдиришкендей, иштер 7-апрелден 23-апрелге чейин жүргүзүлөт. Бул аралыкта айрым автобус жана кичи маршруттук каттамдарынын кыймыл схемасы өзгөртүлөт.


Алсак, №7, №34 жана №102 автобус каттамдарынын  багыты убактылуу өзгөртүлүп,  Жаш Гвардия бульвары аркылуу жүрүүдө.


Ошондой эле №133, №161, №173, №200, №211, №218 жана №290 микроавтобус каттамдарынын кыймыл багыты жарым-жартылай өзгөртүлүп,  Жибек-Жолу проспектиси аркылуу айланып өтөт.


Бишкек шаарынын мэриясы жол тыгындарын болтурбоо үчүн каттамды  алдын ала пландап алууну сунуштайт.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн