Бугу 19, 2024
Убакыт: 23:06
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Бишкекте бир катар курулуш компанияларга айып салынды

08.05.2024 11:34
113
Бишкекте бир катар курулуш компанияларга айып салынды


Бишкекте бир катар курулуш компанияларга айып салынды.

Муниципалитеттен билдиришкендей, төмөнкү компаниялар шаарды көрктөндүрүү эрежелерин бузган:

  • Чүй проспектиси, 127/1 дарегиндеги "Престиж Би Центр" ЖЧКсы жолдун тротуар бөлүгүн зыянга учуратты. Атап айтканда, тосмону демонтаждоо жана жылдыруу уруксат документтери жок жүргүзүлгөн. Аталган компания КР Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 177-беренесинин 1-бөлүгүнүн негизинде 17 миң сом айып пул алган.
  • "Техник Трейд" ЖЧКсы жолду (асфальтты) зыянга учураткандыгы жана уруксат берүүчү документтери жок жер казгандыгы үчүн КР Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 177-беренесинин 1-бөлүгү жана 179-берененин 2-бөлүгү менен компанияга жалпы суммасы 34 миң сом айып салынган.
  • "Аманат Строй Инвест" курулуш компаниясы дөңгөлөктөрдү жууй турган пункту болсо да, атайын техниканын дөңгөлөктөрүн жуубай, көчөлөрдүн бирин булгаган. Инспекция тарабынан компанияга чара көрүлүп, КР Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 177- беренесинин 2-бөлүгү менен 23 миң сом айыпка жыгылган. Компанияга жолду тазалоого 1 күндүк мөөнөт берилген.
  • Ак-Өргө конушундагы "Шер Курулуш" ЖЧКсынын жанаша аймагы санитардык тазалыкка жооп бербегендиги үчүн инспекторлор курулуш компаниясына КР Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 114 жана 115-беренелеринин 1-бөлүгү боюнча эки протокол түзүшкөн.
  • "Борсан Констракшн", "Аю Премиум Строй", "Делюр” компанияларына КР Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 114, 115-беренелери боюнча айып протоколу жазылган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн