Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 01:12
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Бишкекте бөтөлкөлөшүн бычактаган 24 жаштагы кыз кармалды

Бишкекте бөтөлкөлөшүн бычактаган 24 жаштагы кыз кармалды


Бишкекте Күзөт кызматкерлери тарабынан көп кабаттуу үйлөрдүн биринен бөтөлкөлөшүн бычактаган кыз кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 21-декабрда саат 23:45 чамасында "102" кызматына 30 жаштагы П.А. аттуу жаран бычактан жаракат алгандыгы тууралуу билдирүү түшкөн.

Факт боюнча материалдар Свердлов РИИБге катталып, күзөт кызматкерлери дарекке келишкенде бычак жеген П.А. тез жардам унаасы менен ооруканага жөнөтүлгөнү такталган.

Кийин кылмышка шектүү 1999-жылы туулган С.М. аттуу жаран экени жана окуя спирт ичимдигин ичүүдөн улам ортодо пикир келишпестиктен чыкканы аныкталган. Аталган факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси ("Ден соолукка оор залал келтирүү") менен кылмыш иши козголуп, кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда кылмыш иши боюнча тергөө иштери уланууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн