Бугу 04, 2024
Убакыт: 15:49
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Бишкекте эл аралык “Жаңы ысымдар” театр фестивалы аяктады

22.12.2023 13:17
1907
Бишкекте эл аралык “Жаңы ысымдар” театр фестивалы аяктады


Бишкекте студенттердин эл аралык “Жаңы ысымдар” театр фестивалы аяктады. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирет. 

Фестивалдын салтанаттуу жабылыш аземине министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев, калыстар тобунун курамы жана маданият ишмерлери катышты.

Байсалов аталган театр фестивалынын маанисине токтолуп, саамалыкты мындан ары да ийгиликтүү улантуу керектигин, фестиваль шериктеш өлкөлөр арасында маданий кызматташтыкты өркүндөтүүнүн өзгөчө бир символу болоорун баса белгиледи.

Ал эми министрдин орун басары Марат Тагаев фестивалга катышкан бардык катышуучуларга жана уюштуруучуларга ыраазычылык билдирип, театр өнөрпоздоруна ийгиликтерди каалады.

Андан соң, фестивалдын жеңүүчүлөрүнө сыйлыктар тапшырылып, белгилүү өнөр адамдарынын катышуусунда концерттик программа тартууланды.

Жеңүүчүлөр жөнүндө толук маалымат бул шилтемеде.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн