Бугу 02, 2024
Убакыт: 05:47
USD
88.80
89.70
EUR
94.50
95.50
RUB
0.940
0.965

Бишкекте ырчы Вера Брежневанын концерти болбой калды

14.02.2024 15:04
2277
Бишкекте ырчы Вера Брежневанын концерти болбой калды


Бишкекте ырчы Вера Брежневанын 18-февралга белгиленген концерти болбой калды, деп билдирет Кыргызстандын билет оператору kassir.kg.


«Suzie Wong клубунда 18-февралга белгиленген Вера Брежневанын Бишкектеги концерти техникалык себептерден улам болбой калды», — деп айтылат оператордун социалдык тармактардагы баракчаларында.


Алардын айтымында, алар билеттерди сатууга гана жооптуу жана концерттин уюштуруучулары болгон эмес.


Эске салсак, өткөн жылы Кыргызстанда орусиялык бир катар жылдыздардын концерттери токтотулган, атап айтканда, «Моргенштерн», «Би-2», «Порнофильм» тобу жана Диана Арбенинанын концерттери өткөн эмес.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн