Чын курандын 28, 2024
Убакыт: 14:01
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Бишкекте кыргыз-кытай элдеринин достугуна арналган маданий иш-чара өттү

08.09.2023 08:55
2062
Бишкекте кыргыз-кытай элдеринин достугуна арналган маданий иш-чара өттү


Бишкектеги Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Борбой Азия жана Кытай элдеринин көп кылымдык достугуна арналган маданий иш-чара өттү.

“Шаньдун провинциясынын меймандостугу, Жибек-Жолундагы көп кылымдык достук” аттуу маданий иш-чаранын алкагында фото-көргөзмө жана концерт болду.

Иш-чарада КР министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь, Шаньдун провинциясынын катчысы Линь У, Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров ж.б. коноктор катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө Эдил Байсалов Кытай менен Кыргызстандын ортосундагы достук мамилелерге токтолуп, өз ара алакалар азыркы учурда эң жогорку деңгээлде экенин айтты.

Ал эми Шаньдун провинциясынын катчысы өз сөзүндө Шаньдун Борбордук Азия жана Кыргыз Республикасы менен болгон достук мамилесин жогорку деңгээлде баалап жана жалпы өнүгүшүнө салым кошорун айтты.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн