Бугу 03, 2024
Убакыт: 09:47
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Бишкекте кыздын үйүнө кирип, аны сөгүп, телефонун тартып алган шектүү кармалды

Бишкекте кыздын үйүнө кирип, аны сөгүп, телефонун тартып алган шектүү кармалды


Каракчылыкка шектелген жаран кармалганын Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.


27-январда милицияга бир кыз арыз менен кайрылган. Анын айтымында, ошол эле күнү анын Достоевский көчөсүндөгү үйүнө белгисиз адам кирген. Уят сөздөрдү айтып, 22 миң сомдук Самсунг А52 үлгүсүндөгү телефонун тартып алган.


Бул фактынын негизинде Тергөө кызматы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренеси (Каракчылык) боюнча кылмыш иши козголду.


Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү 1990-жылы туулган О.Э. кармалган. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилген.


Тергөөнүн жүрүшүндө кылмышка шектүү милиция кызматкерлерине алынган уюлдук телефонду берип, буюм кылмыш ишине далил катары кошулган.


Милиция кармалган жарандын аракетинен жапа чеккен жана кандайдыр бир маалыматы бар жарандарды 0502-77-77-62, 0502-06-06-93 же 102 телефон номурларына кабарлап коюуну өтүнөт.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн